Парламентте экстремисттик материалдарга байланыштуу мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жиберилди

“Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. КРнын Өкмөтү тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору тууралуу Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев баяндама жасады.Мыйзам долбоору экстремисттик материалдарга табылган жеринде иш козгоо, КРнын аймагындагы экстремисттик маанайдагы маалыматтарды жарыялаган веб-сайттарга бөгөт коюу, эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, макулдашууларга ылайык укук коргоо органдары менен өз ара иш алып барууга багытталган. Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан