БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо добуш сатып алууга айыпталган 5 киши соттолгонун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-октябрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында айтты.
Шайлдабекова быйыл 5 адамга карата сот өкүмү чыкканын, алар күнөөлүү деп табылып, учурда абакта отурганын билдирди, бирок алардын аты-жөнүн тактаган жок.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Бишкектин Ленин райондук соту былтыркы шайлоодо Ленин округунан талапкер Дамира Ниязалиева шайлоодо добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылганын билдирген.
Андагы маалыматта сот добуштарды сатып алуу боюнча Ниязалиева менен бирге дагы 5 адамды күнөөлүү деп тапканы, бирок аларга жаза колдонулбай турганы айтылган.
Эске салсак, Ниязалиева 2023-жылы 28-майда өткөн кезексиз шайлоого Ленин округунан катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал алдыга чыккан. Бирок добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козголуп, шайлоо жокко чыгарылган. Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн.
Дамира Ниязалиева буга чейин саламаттык сактоо министри, вице-премьер министр жана Жогорку Кеңештин депутаты болгон.