Дамира Ниязалиеванын добушу жокко чыгарылса эмне болот? БШК жооп берди

Депутаттыкка талапкер болуп Ленин округу боюнча алдыга чыккан Дамира Ниязалиевага тергөө иштерине жараша чечим кабыл алынат. Бул тууралуу SUPER.KG маалымат порталына БШКнын өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

"Учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Укук коргоо органдарына жаңы фактылар келип түшсө, ошого карап чечим чыгарылат. Эгерде Дамира Ниязалиеванын добушу жокко чыгарылса, кайрадан шайлоо да, экинчи саптагы талапкерге да мандат берилип калышы мүмкүн", - деди ал.

Эске салсак, кечээ, 29-майда соцтармакка Дамира Ниязалиевага таандык делген аудио тараган. Анда агитатор менен добуш сатып алуу тууралуу талкууланган. Ошол эле түнү талапкердин штабында укук коргоо органдары тарабынан тинтүү иштери жүрүп, эшигине мөөр басылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан