Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамира Ниязалиева шайлоодо добуш сатып алуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сот добуштарды сатып алуу боюнча Дамира Ниязалиева менен бирге дагы 5 адамды күнөөлүү деп тапты. Бирок аларга жаза колдонулбайт.
"Ленин райондук соту Ниязалиеваны жана беш кишини 3 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бирок сот январь айында күчүнө кирген мунапыс жөнүндөгү мыйзамды эске алуу менен аларды жаза өтөөдөн бошоткон. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар саясатчынын штабынын мүчөлөрү жана тарапташтары болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Ниязалиева былтыр 28-майда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого Ленин округунан катышкан. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча ал алдыга чыккан. Бирок добуш сатып алуу фактысы боюнча иш козголуп, шайлоо жокко чыгарылган. Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн.
Ниязалиева буга чейин саламаттык сактоо министри, вице-премьер министр жана Жогорку Кеңештин депутаты болгон.