Журналист Айке Бейшекеевага эл аралык экинчи сыйлык берилди

"Темиров Live" медиасынын журналисти, пробация менен эркиндикке чыккан Айке Бейшекеева эл аралык Free Press Awards 2024 сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык баракчасынан билдирди.

Аталган уюмдун сайтында жазылгандай, 23 жаштагы Айке Бейшекеевага "Жылдын жаңы катышуучусу" сыйлыгы берилген.

"Ал жаш болсо да журналистика кандай тобокелчиликке алып келерин өз башынан өткөргөн. Ошого карабастан ал чыдап, абакта отурганда да көз карандысыз журналистиканын жана басма сөз эркиндигинин маанилүүлүгүн жактап келген. Бул сыйлык ага кыргыз элине ишенимдүү маалымат берип, баштаган жолун улантууга дем берет деп ишенебиз", - деп билдирген аталган уюмдун калыстар тобу.

Белгилей кетсек, сентябрда Айке Бейшекеева эл аралык Cena Gratias Tibi сыйлыгынын лауреаты болгон.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги "Темиров Live" редакциясынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ аларга массалык башаламандыктарга чакырык жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун билдирген.

Ал эми 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистине сот өкүм чыгарган. Анда тергөө абагында отурган 4 журналист күнөөлүү деп табылса, үй камагындагы 7 кызматкер акталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан