11 журналисттин иши: Сот өкүмү чыкты

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда "Темиров лайв" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 журналистине сот өкүм чыгарды.

Анда учурда тергөө абагында отурган 4 журналист күнөөлүү деп табылды. Ал эми үй камагындагы 7 кызматкер акталды. Судья Кылычбек Истамкулов өкүмдү жарыялады.

- Махабат Тажибек кызы (Болот Темировдун жубайы) - 6 жылга эркинен ажыратылды.

- Азамат Ишенбеков 5 жылга эркинен ажыратылды.

- Айке Бейшекеева менен Актилек Капаров 3 жылга пробация менен эркиндикке чыгарылды.

Ал эми Максат Тажибек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапар Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Тыныстан Асыпбековдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде актоо чечими чыкты.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып тагылган.

11 журналисттин соту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан