Кыргызстандын бюджетине 1 миллиард 900 миллион сом түшпөй калуу коркунучу бар. Мындай пикирди Каржы министри Ольга Лаврова парламенттин кезектеги пленардык жыйынында билдирди. “2012-жылдын 1-декабрына карата бюджетке акча түшпөй калуу коркунучу ишке ашкан. Бирок ал коркунучтар мурунку айда түшкөн акчалар менен жабылып кеткен. Ошентсе да, декабрь айында 1 миллиард 900 миллион сом түшпөй калуу коркунучу сакталууда”,- деди Ольга Лаврова.