Депутат Надира Нарматова: "Тосмодон ашып түштүң деп депутаттарды камадык, бюджетти азыркы абалга алып келгендер эмне үчүн жооп бербейт?"

ЖКда 2012-жылдын бюджетине түзөтүү киргизүү маселеси талкууланып жатат. Депутат Надира Нарматова бюджетти азыркы абалга алып келген өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартуу маселесин айтып чыкты. Анын айтымында, мурунку өкмөт эч нерсеге жооп берген жок. "Эмнеге темир короодон ашып түштүң деп депутаттар камалууда? Мындан бир топ жыл мурун Кытайдан автобус алып келип элге кызмат көрсөткөн Нариман Түлеев да камакта отурат. Эмне үчүн өлкө бюджетин ушул абалга алып келген адамдардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп жоопко тартпайбыз? Бюджетти ким ушул акыбалга алып келгенин жакшы билебиз, алар жаныбызда эле жүрөт. Баарынын үстүнөн иш козголуп, жоопко тартылышы керек",- деди Нарматова. Буга депутат Ахматбек Келдибеков да кошулуп, өкмөттүн депутаттар эс алууда жүргөн учурда отставкага кетип калганын сынга алды. "Шашпай сентябрь айында, депутаттар эс алуудан келгенде деле мурунку өкмөттүн ишин карасак болот эле. Алардын иши боюнча отчёт алышыбыз керек болчу",- деди Ахматбек мырза. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан