Ахматбек Келдибеков: "Мугалимдердин айлыгы 4-5 миң сомго түштү, билим берүү тармагы талкалануу алдында турат"
"Кыргызстанда билим берүү тармагы талкалануу алдында турат". Мындай пикирди ЖКнын 13-декабрдагы жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков айтты. Ал мугалимдердин айлыгы көтөрүлүп, бирок көп өтпөй кайрадан кескин төмөндөп кеткенин баса белгилеп, билим берүү тармагы аксап жатканына токтолду. "Мугалимдердин айлыгы 4-5 миң сомго түштү. Мындай жол менен кете берсек, билим берүү тармагын талкалап алабыз. Мугалимдерге 4-5 миң сом айлык берип, анан аларды улам текшерүүгө алып коррупция менен күрөшкөндөй түр көрсөтүп жатабыз",- деди Келдибеков. Ал ошондой эле чатырларда, жеке менчик үйлөрдө билим алып жаткан окуучулар боюнча тийиштүү адамдардын жооп бериши керектигин белгиледи.