Жогорку Кеңеште кыз ала качкандарга карата жаза мөөнөтүн күчөтүү тууралуу мыйзам долбоор 3-окууда кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева кыз ала качкандарды 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу демилгесин көтөргөн. Аталган мыйзам долбоор президент Алмазбек Атамбаев кол койгондон кийин күчүнө кирет.