Режеп Тайып Эрдоганды “Ынтымак Ордодон” салтанаттуу тосуп алышты.
Түрк лидери жаңы Ак үйгө чакырылган биринчи чет элдик конок болду.
Видеодо анын унаасын имаратка чейин атчан жоокерлер коштоп келгенин көрүүгө болот.
Алгач эки өлкө лидерлери Ардак кароол менен саламдашып, делегация мүчөлөрү менен таанышып, андан соң сүйлөшүүлөрдү баштоого өтүштү.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип, аны "Манас" аэропортунан өлкө башчы Садыр Жапаров тосуп алган.