Биз социалдык тармакта

Манаста өрттөн каза болгондор өзбекстандыктар экени маалымдалды (видео)

Кечээ, 22-ноябрда Манас шаарына караштуу Ынтымак айылында жаңы салынып жаткан имараттан чыккан өрттөн каза болгон жарандар өзбекстандыктар экендигин ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 21:45те чектөөгө алынды. Саат 22:56да толук өчүрүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган каргашалуу окуядан эки жаран каза болуп, ал эми бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөнү маалымдалган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Манаста жаңы салынып жаткан имараттан өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан