Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда банк кызматкери кардарлардын акчасын казиного уттурган деп шектелүүдө

Өзбекстандын Андижан облусунда банк кызматкери кардарлардын эсептеринен каражатттарды мыйзамсыз алып, онлайн-казинолорго уттуруп жиберди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ЖМКлары билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жергиликтүү банктардын биринде эл аралык акча которуулар үчүн жооптуу болуп иштеген. Адегенде өз каражатын кумар оюндарына ири суммада утулгандан кийин, жоготкон акчасын кайтарып алуу үмүтү менен кардарлардын эсептерин колдоно баштаган. Жалпысынан ал 250 миң доллардан (болжол менен 22 миллион сом) ашык акчаны уттуруп жибергени белгилүү болду.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына камалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан