Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын карызын кечкенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.
Мамлекет башчы мындай чечим кабыл алганы үчүн Түркия лидерине терең ыраазычылык билдирип, анын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачканын белгиледи.
Ал ортодо Түркия кечкен 58,8 миллион доллар өлкөдө жашыл экономикага жумшалары маалым болду.
Белгилей кетсек, 4-ноябрда президент Эрдоган мамлекеттик сапары менен Бишкекке келген.