Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы Кыргызстандын түштүк аймагын калыбына келтирүүгө 5 миллион доллар бөлүп берүү боюнча келишимди кабыл алды. 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин түштүк аймагын калыбына келтирүү боюнча макулдашуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда өткөн жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында келишилген. Кийин бул келишимге 2012-жылдын 29-октябрында кайрадан толуктоо киргизилген. Макулдашууга ылайык, Кытай Кыргызстандын түштүк аймагында 66 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушуна жогоруда көрсөтүлгөн сумманы бөлүп берет.