Түрк мамлекеттер уюмунун желеги өзгөрдү

Бишкек шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) 11-саммиттинде бирикменин желеги өзгөртүлдү. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, түрк тилдүү өлкөлөрдүн бирикмесинин туусу уюмга баштапкы мүчө болгон төрт өлкөнүн символдорун айкалыштырат. Анда Казакстан байрагынын ачык көк түсү, Кыргызстан туусунун кырк нурлуу күнү, Азербайжандын жылдызы жана Түркия желегинин жарым айы камтылган жана жаңы символ катары сегиз бурчтук кошулган.

Кечээ, 6-ноябрдагы саммитте бир катар документтерге кол коюлганы белгилүү болгон. Алардын арасында уюмдун жаңы желегин кабыл алуу жөнүндө чечим дагы бар болчу.

Белгилей кетсек, ТМУнун мурунку желеги 2012-жылы кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан