"Биздин максат – илимди өлкөнүн жетектөөчү күчүнө айландыруу". Садыр Жапаров илим күнү менен куттуктады

Бүгүн, 10-ноябрда президент Садыр Жапаров окумуштуулар менен илим ишмерлерин кесиптик майрамы – Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда өлкө башчы учурда илимий-техникалык прогресстин темпин ыкчамдатуу жана аны бүгүнкү күндүн чакырыктарынын талабына ылайыктап өнүктүрүү өлкө экономикасынын ар бир тармагы үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Урматтуу илимпоздор! Илим дүйнөсүнүн ардактуу өкүлдөрү, баарыңыздарды бүгүнкү Кыргызстандын Илим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

“Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлык дагы илим, техника, инновациялар жаатында иш-чараларды активдештирүү, илимий-техникалык изилдөөлөрдү өнүктүрүү боюнча окумуштуулар арасындагы байланыштарды чыңдоо үчүн кабыл алынганын билесиздер.

Учурда илимий-техникалык прогресстин темпин ыкчамдатуу жана аны бүгүнкү күндүн чакырыктарынын талабына ылайыктап өнүктүрүү өлкө экономикасынын ар бир тармагы үчүн өтө маанилүү болуп турат. Жаңы технологиялар жана илимий чечимдер аркылуу өнөр жайды жана экономикабызды модернизациялоого, өндүрүштүн түзүмүн өзгөртүүгө, жаңы рынокторду ачууга, аймактар аралык жана мамлекеттер аралык экономикалык байланыштарды бекемдөөгө шарттарды түзүшүбүз кажет.

Илимди мамлекеттин өнүгүшүнө өтө керектүү тармак катары кароо менен өлкөбүздүн илим системасынын материалдык-техникалык базасын, илимий-изилдөө потенциалын талаптагыдай өнүктүрүүгө, бирдиктүү координация жүргүзүүгө бар аракетибизди жумшап жатабыз. Илим жана инновацияга инвестиция салуу аркылуу гана биз өнүгүүнүн жаңы этаптарына кадам таштап, глобалдык илимий мейкиндикке тең укуктуу катышуучу катары кошулууга шарт түзөбүз. Кайсы тармак болбосун, бардык иштерди илимге негиздөө менен гана аткарууга умтулушубуз абзел.

Биздин жалпы максатыбыз – илимди өлкөнүн келечекке карай кадам таштоосунда жетектөөчү күчкө айландыруу! Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыздоо фундаменталдык жана прикладдык илимдердеги ири долбоорлорсуз мүмкүн эмес.

Урматтуу илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү! Дагы бир жакшы саамалык, жакын арада Улуттук илимдер академиясынын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөндөн кийин өз эшигин ачат. Бул – биздин илимпоздорубуздун шартын жакшыртууга багытталган мамлекеттин дагы бир кадамы", - деп айтты өлкө башчы өз куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан