ЖКнын депутаттары 2012-жылдын бюджетине оңдоолорду киргизүү жана 2013-жылдын бюджетинин долбоорун кабыл алды

ЖКнын депутаттары 2012-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2013-жылдын бюджетинин долбоорун 3-окууда кабыл алды. 2012-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү 2 миллиард 200 миллион сом чыгашаны кыскартуу менен кабыл алынды. Ал эми 2013-жылдын бюджетинин долбоору мамлекеттин кирешесинин ички дүң продукциясы 27,8 пайыз, башкача айтканда, 98 миллиард 496 миллион сомду түзүү менен кабыл алынды. Кошумчалай кетсек, 2013-жылдын мыйзам долбоорунда божомол менен киреше 86 миллиард 288 миллион сом, чыгаша 115 миллиард 426 сом, дефицит 16,9 миллиард сомду түзөт. Ал эми бюджеттин жалпы суммасы 103 миллиард 218 миллион сомду түзөт.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан