Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасы аркылуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда бир күндүк иш сапары менен Ош, Жалал-Абад облустарына барарын билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы Ош облусунда жаңы салынган Жаңы-Барак айылынын жана бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат жана Жалал-Абад облусунун Казарман айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү тургундар менен жолугушат.