Бүгүн, 16-октябрда "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун атасы Медетбек Султанбеков уулунун камалышы боюнча коомчулукка жана бийликке кайрылды. Ал өз социалдык баракчасынан видео кайрылуу жасап, Куралдуу күчтөрүнүн ардагери, афган-тажик чек арасындагы тынчтыкты орнотуучуларынын бири, Баткен жана Ош окуяларынын катышуучусу экендигин айтып, 30 жыл мекен үчүн кызмат кылганын белгилеген. Ошондой эле уулу Темирланга татыктуу тарбия бергендигин кошумчалаган.
“Мен уулум менен сыймыктанам. Аны чынчыл, адилеттүү, кыргыз элине чын дилден кызмат кылган инсан кылып тарбиялаганымды ишенимдүү айта алам. Ушул күндөрү Темирланга жасалган мыйзамсыз аракеттерге үн катпай, реакция кылбай келдим. Аны мыйзамсыз 16 саат бою суракка алышты. Сурактан кийин келип кайрадан алып кетишти. Сот отурумунда ИИМ жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан кысым болду. Мен ушул нерселердин баарына унчукпай келдим. Аны камакка алган соң ата катары тынчсыздана баштадым. Бүгүндөн баштап Темирландын саламаттыгы жана өмүрү үчүн жоопкерчиликти жеке президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөйм”, - деген Султанбеков өз билдирүүсүндө.
Айта кетсек, Султанбеков добуштарды сатып алууга шектелип кармалып, 13-январга чейин камакка алынган.
Ошондой эле Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.