Карамушкина, Султанбеков, Турксевер 13-январга чейин камакка алынды

Добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал-Демократтар" партиясынын лидери Термилан Султанбеков, мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Розу Турксевер камакка алынды. Бул туурасында соттон кабарлашты.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Сверлов райондук соту бүгүн, 15-ноябрда ишти карап, тергөө кызматынын өтүнүчүн канаттандырган. Соттун чечимине ылайык саясатчылар 13-январга чейин камакта болот.

Айта кетсек, Султанбеков добуштарды сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан