Экс-депутат Ирина Карамушкинанын добуш сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тарады (аудио) 

“Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 13-ноябрда социалдык тармактарда “Социал-демократтар” партиясынын И.К. аттуу штаб башчысы Д. Ч. аттуу адам менен сүйлөшүп жаткан аудиожазуусу пайда болгон. Анда, алар 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууну талкуулашкан.

Аталган факты боюнча шаардык милициянын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") менен кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

13.11.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан