Ысык-Көл. Караколдо Арык мырзанын эстелигин орнотууда кооптонуу жаралууда

Каракол шаарында Ысык-Көл облусундагы белгилүү инсандардын бири Арык мырзанын эстелигин орнотууга каршы пикирлер айтылууда. Бул тууралуу "Лидер" коомдук бирикменин жетекчиси Банура Абдиева билдирди. Анын айтымында, Каракол шаардык кеңешине шаардын негизги  көчөлөрдүн кесилишиндеги айлампага Арык мырзанын эстелигин тургузуу сунушу түшкөн. "Бирок эстеликти орнотууда уруулар арасында чыр-чатактар чыгышы мүмкүн. Ал жерде шаардын символикасы, Кыргызстандын туусу орнотулушу керек",- дейт Абдиева. Белгилей кетсек, "Лидер" бирикмеси облустагы Тынчтык жана өнүгүү комитетинин мүчөсү болуп эсептелет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан