
Күндүн суук мезгили башталганда сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу оорулар күч алат. Азыр дагы бул оорулардын көбөйгөнү байкалууда. Адатта октябрь айынын орто ченинен баштап сасык тумоо көп катталары айтылып келет. Муну менен катар Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жумаларда сасык тумоо күч алганын жана жаш балдар арасында көп катталып жатканын билдирди.
Мындан улам SUPER.KG порталы сасык тумоо жана курч респиратордук жугуштуу ооруларды кантип алдын алса болот, ооруп калган учурда эмне кылуу керек, ушул жана башка суроолор менен дарыгерге кайрылып көрдү.
Биздин суроолорго №9 үй-бүлөлүк медицина борборундагы эне жана баланын саламаттыгын сактоо боюнча бөлүмдүн директорунун орун басары Диляра Искакова жооп берет.
- Саламатсызбы? Алгач сасык тумоонун белгилерине токтолуп өтсөңүз.
- Учурда сасык тумоо оорусу балдардын арасында көп катталып жатат. Ошол себептүү балдарды сактаганга көбүрөөк аракет кылуу керек. Бул оорунун белгилери: дене табы көтөрүлөт, жөтөлөт, башы ооруп, мурундан суу куюлуп, тамакка табитти тартпайт. Мындай жагдайда баланы көпчүлүккө кошпогонго аракет кылуу керек. Себеби вирустун көп түрү бар, эгер бир түрү менен ооруп жаткан бала дагы башка вирусту кошуп алса, анда оор түрдө өтүп калышы мүмкүн. Ошондуктан ооруп жаткан баланы бала бакчадан же мектептен четтетип турганы оң. Анан сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек, өз алдынча балага дары-дармек бергенге болбойт. Берилип жаткан дары ар бир баланын жаш өзгөчөлүгүнө, салмагына жараша өлчөнөт.
Ата-энелер ооруп жаткан балага антибиотик дарыларды беришет. Көпчүлүк учурда ампициллин, амоксициллин деген дарыларды колдонушат. Бул антибиотик дарылар вирустук инфекцияга эч кандай тиешеси жок. Эгер сиздерде сасык тумоонун белгилери байкалса, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылган туура, дарыны дарыгердин айтканы менен гана ичүү керек.
Ал эми сасык тумоону үй шартында дарылай турган болсок, анда оорулуу адам жаткан бөлмө жылуу болушу керек. Бат-баттан нымдуу чүпүрөк менен денени сүртүп туруу керек. Анан суюктукту көп ичүү зарыл, себеби суюктук аркылуу вирустук инфекция чыгып кетет, бул тезирээк оорудан сакайганга шарт түзүлөт. Эгер ооруп жаткан адамда жөтөл же мурун бүтүү бар болсо, ошого жараша дарыларды дарыгердин көзөмөлү менен колдонсо болот.
- Статистиканы алып карасак, сасык тумоого чалдыккандардын көпчүлүгү жаш балдар экен, эмне себептен?
- Ооба, өзүңүздөр көрүп жаткандай, учурда сасык тумоо балдардын арасында көп кездешип жатат. Сасык тумоо аба аркылуу жугуучу оору. Аба алмашкан учур балдардын организимине таасирин тийгизет. Балдар көп чогулган аймактарда, айрыкча мектептерде, бала бакчаларда, парктарда бул оору бат тарайт. Эгер баланын иммунитети төмөн болсо, анда ал ооруну бат кабыл алат. Балдар арасында жайылып жаткандын бирден бир себеби дагы ушул.
- Сасык тумоо канчалык деңгээлде коркунучтуу жана кандай ооруларды пайда калышы мүмкүн?
- Сасык тумоону үй шартында туура дарыласа бат эле өтүп кетет, 5-7 күндө вирустук инфекцияны жок кылса болот. Ал эми туура эмес дарыланып, маани бербей жүрө берсек оорунун кабылдап кетет. Тактап айтканда, өпкөнүн сезгенүүсүнө, тамак оорусуна, кулак оорусуна, гайморит оорусуна алып келет. Булар сөзсүз түрдө сасык тумоого караганда оор түрдө өтөт. Мындай учурларда медициналык жардам алууга туура келет.
- Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы эмеспи, сасык тумоону вакцина алуудан сырткары кандай жолдор менен алдын алса болот?
- Жугуштуу ооруларды алдын алуунун эң биринчи негизги жолу иммунитетти көтөрүү. Жаз, күз, жай айларында балага, чоң кишиге деле витаминге бай тамак-аштарды берүү. Жашылча-жемиштерди көп жеп, сыртка көп сейилдөө. Ошондой эле түнкүсүн сегиз сааттан кем эмес уйку. Ушулардын баарын туура жасасак, иммунитет жогору болот. Анан кан аздуулук дагы балдардын сасык тумоого көп чалдыгышына алып келет. Учурда балдар арасында эле эмес, чоңдор арасында дагы витамин Д’нын жетишсиздиги байкалууда. Бул дагы иммунитеттин төмөн болушуна шарт түзөт. Ошол себептүү эң алгач иммунитетти көтөрүү зарыл.
Ал эми күз айларында "коркунучтуу группалар" деп коёбуз, буларга жашы 65 жаштан өйдө, өнөкөт оорулары бар же бат-баттан ооруган балдар кирет, аларга күз айында гриппке каршы эмдөө жасалат. Курч мүнөздүү инфекция менен грипптин айырмасы бар. Грипп оор түрдө өтө турган вирустук инфекция болуп саналат. Ошол себептен гриппке каршы эмдөө жасалышы шарт.