Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы удаа келген оор жоготууга учурады. 24-ноябрда өлкө көрүнүктүү хирург Мамбет Мамакеевден ажыраса, бүгүн, 26-ноябрда Эрнст Акрамов дүйнө салды.
Бул кеменгер адамдар кыргыз медицинасын өнүктүрүүгө опол тоодой эмгегин арнап, далай кыргызстандыктарды өлүмдөн арачалап, ден соолугуна кам көргөн. Тарыхта алтын тамгалар менен аты калган инсандар.
Саламаттык сактоо тармагынын каймактары кырк жылдан ашуун таарынычта жүрүп, өткөн жылдын март айында бири-бирин кечирген. Алар эмгектин акыбети кайта турганын даңазалап, кечиримдүүлүк баарын жеңе турганын билдирип, ээрчише дүйнө салышты.
Белгилей кетсек, Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн кайтканы маалымдалган. Залкар дарыгердин бейнеси тууралуу шилтеме аркылуу окуй аласыз.
Ал эми белгилүү хирург, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамов 88 жашында дүйнө салды.