Спорттук машыктыруучулардын маянасын жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун депутаттар колдоого алышты
Парламенттин 13-декабрдагы жыйынында депутаттар КРда үзгүлтүксүз эмгектенип келе жаткан спорттук машыктыруучулардын айлык-маянасын жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун колдоого алышты. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, машыктыруучулардын эмгек тажрыйбасына карап айлыктары көтөрүлөт. Мисалы, 5 жылдык эмгек тажрыйбасы бар машыктыруучулардын айлыгы - 10 пайызга, 10 жылдык эмгек тажрыйбасы барлардын айлыгы - 20 пайызга, ал эми 15 жыл же андан көп жылдан бери машыктыруучу болуп иштеп келе жаткандардын айлыгы - 30 пайызга жогоруламакчы.