Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү сунушталууда

ЖКда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Депутат Эсенгул Исаков бул мыйзам долбоору кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды кыскартууга багытталганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартибинин конституциялык принцибин укуктук колдонуу практикасы, ыйгарым укуктарды берүүнүн тартибинин жана каржылоо механизмдеринин жоктугуна байланыштуу колдонулган эмес. Мындай ыйгарым укуктарды мыйзамдын же келишимдин негизинде берүү белгиленүүдө. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарууга мүмкүнчүлүктөр болгондо гана берилүүгө тийиш экендиги айтылат. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды материалдык жана каржылык каражаттарды бөлбөй туруп берүүгө тыюу салынат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан