Добуш сатып алууга шектелип кармалган "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинанын жана Роза Турксевердин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Карамушкина менен Турксевердин бөгөт чарасы боюнча апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Тактап айтканда, 15-ноябрдагы Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, саясатчылар 13-январга чейин камакта калтырылган.
Эске салсак, 13-ноябрда Бишкек ШИИББи “Социал-демократтар” партиясынын штаб башчысы, экс-депутат Ирина Карамушкинага шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, анын аудиожазууларын тараткан.