Депутат Анвар Артыков "Өкмөт 2012-жылдын бюджети боюнча мыйзамды бузду" дейт

Парламенттин 13-декабрдагы жыйынында депутат Анвар Артыков Өкмөттүн  “КРнын 2012-жылга карата бюджети жана 2013-2014-жылдарга карата болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын беренесин өзгөрткөнүн айтып чыкты. Депутат Жогорку Кеңештин уруксаты жок Өкмөт аны өзү каалагандай өзгөртө албай турганын баса белгиледи. Ошондой эле республикалык бюджеттин долбоору Каржы министрлиги тарабынан бүт баары так эсептелип бүткөн соң гана парламент тарабынан бекитилиши керектигин айтты депутат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан