"Ишти токтотпойбуз!" Садыр Жапаров 40 миң адамдын батир алуу тилегин ишке ашырууну убадалады

"Биз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу арзан турак жайларды куруу менен жарандарыбызды үй-жайлуу гана кылбастан, аларды социалдык жактан коргоо, татыктуу жашоо менен камсыздоо саясатын ишке ашырып жатабыз десем болот". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 24-декбарда президент Садыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлердин ачкычын тапшырып жатып билдиргенин маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы бракчасы аркылуу билдирди.

Анда мамлекет башчы социалдык турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантыларын белгилеп, башталган долбоорду аягына чыгарууну убадалады.

"Мамлекетке ишеним артып, социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жарандарыбызды үмүт-тилегине жакынкы убактарда жеткиребиз. Алдыда дагы көптөгөн турак жай комплекстеринин курулушу башталары күтүлүүдө. Жеке эле борбор калаада эмес, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат.

Биздин социалдык турак жай куруу боюнча стратегиялык пландарыбыз узак мөөнөттүү болот. Өлкө боюнча үйгө муктаж болгон жарандарыбыздын баарын үйлүү кылмайынча бул ишти токтотпойбуз. Заманбап жана ыңгайлуу турак жай объектилери этап-этабы менен курула берет. Биз ишенимдүү түрдө турак жай маселесин чечүүгө багыт алып, жарандарга жаркын келечек тартуулоого умтулабыз", - деген Жапаров өз сөзүндө.

Ошондой эле президент бүгүн батирге ээ болгондорду куттуктап, "Жакшылыгыңыздар жугуштуу болуп, үй алам деп кезекте турган калган мекендештерибиз дагы бат эле үй-жайлуу болушсун!" деген. Мындан тышкары ал ипотекалык турак жай комплекси курулган жер тилкесинде мурда №47 түзөтүүчү мекемеси жайгашканын эске салып, анын тегерегинде айтылган сөздөргө комментарий берген.

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы КаныбекТуманбаев ноябрь айында "Ынтымак ордо" резиденциясындагы маалымат жыйынында жыл аягына чейин 2200 үй-бүлө батир менен камсыз болорун айткан. Ошондой эле ал батирлердин баасы тууралуу дагы маалымат берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан