Казакстандагы учак кырсыгы: Кыргызстанга алып келинген бейтаптардын абалы айтылды

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын экөөнүн абалы канааттандырарлык. Ал эми үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор. Бул туурасында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алар учурда Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды.

"Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин такай көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар дарыгерлердин жеке көзөмөлүндө бүгүн, 30-декабрда Бишкекке алынып келди.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан