
Казакстандын Актау шаарында катталган учак кырсыгында жабыркаган 3 Кыргыз жараны Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, алар Бишкек шаарындагы улуттук ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу алып келинген. Учурда бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Кошумча маалымат берилет.
Учак кырсыгынан 3 кыргызстандык жабыркаган. Буга чейин экөөнүн абалы жакшы экени, алар да жаңы жылга чейин Кыргызстанга алып келинери айтылган.
Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы
айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.