"Аман калгандар бар". Азербайжандын учагы 67 жүргүнчүсү менен Казакстанда кулады (видео)

Бүгүн, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде учак кулап түшкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп бараткан. Экипаж мүчөлөрү ага чейин авариялык конуу экендигин эскерткенге жетишкен.

Учакта 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 12 жүргүнчү аман калган. Учактын кулашына чымчыктардын тобу менен кагылышып кеткендиги себеп болгон.

Кырсык болгон жерге Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 52 куткаруучу жана 11 техника барган. Ошондой эле дарыгерлер, психологдор жеринде иш алып барууда.

25.12.24.
Актауда кулаган учак.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан