ТИМ: Учак кырсыгында жаракат алган кыргызстандыктарга кенемте төлөнөт

Казакстандын Актау шаарына жакын жердеги учак кырсыгында жаракат алган үч Кыргыз жаранына кенемте төлөнүп берилет. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги 29-декабрда тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги компенсация төлөмдөрү боюнча маселенин үстүндө иштеди, алардын өлчөмдөрү жакын арада аныкталат. Андан соң жабыркагандарга кенемте төлөнүп берилет. Ошондой эле элчилик бул маселе боюнча AZAL авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен байланышканы кошумчаланды.

Министрлик маалыматта кенемте кайсы мекеме тарабынан төлөнүп берилерин ачыктаган эмес.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.

Бүгүн, 30-декабрь түнү кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктар дарыгерлердин көзөмөлүндө Бишкекке алынып келди. Алардын экөөнүн абалы канааттандырарлык. Ал эми үчүнчү жарандын абалы туруктуу жана оор. Бейтаптар Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүнө жаткырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан