Актауда кыйраган учактагы Кыргызстандын жарандарынан ооруканада жатканда казакстандык журналисттер кыска маек алууга жетишкен. Аны Tengrinews.kz. сайты бөлүштү.
Аман калган кыргызстандык Эрлан Жунушалиев учак кулагандан кийинки алгачкы мүнөттөрдө эмне болгонун айтып берди.
"Мен катуу соккудан эсимди жоготуп койгондуктан, куткаруучулар качан келгенин түшүнгөн жокмун. Алар курларды бошотуп, бизди сууруп чыгышты. Көрсө, учак оодарылып кулап кеткен экен. Бизди сууруп чыккандан кийин "силер кимсиңер?" деп сурадым. Алар бизге "казактарбыз" деп жооп беришти. Биз ыйлап жибердик. Башка өлкө го деп ойлогонбуз", - деди ал.
Ошондой эле ал абалы жакшы экенин айтып, дарыгерлерге ыраазычылык билдирген.
Белгилей кетсек, Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктар дарыгерлердин жеке көзөмөлүндө бүгүн, 30-декабрда Бишкекке алып келинди.
Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулаган. Анда 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайжандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгон.