2012-жылы Кыргызстандын чек арасын 12,9 миллион адам жана 1,3 миллион автоунаа кесип өткөн
2012-жылы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын 12 миллион 938 миң 353 адам, ошондой эле 1 миллион 325 миң 061 автоунаа кесип өткөн. Бул тууралуу 13-декабрда Ош шаарында өткөн УКМКнын чек ара аскерлигинин кеңешме жыйынында айтылды. Жыйында жетекчилик тарабынан УКМКнын алдындагы чек ара аскерлигинин 2012-жылдагы ишмердүүлүгү талкууга алынды. Мындан сырткары 2013-жылга карата мамлекеттик чек араны коргоо боюнча тапшырмалар белгиленди.