Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекованын жардамчысы үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 9-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, райондук сот 30-декабрда ал шектелип жаткан кылмыш анча оор эмес экенин эске алуу менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине (Камакка алуу) таянып, тийиштүү чечимди кабыл алган. Ошондой эле мекемеден козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум 21-январга белгиленгенин кошумчалады.
Эске салсак, былтыр 13-сентябрда УКМК депутат айымдын жардамчысы алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоого шектелип кармалганын маалымдаган.
Окуядан бир күн мурун айрым ЖМКлар Молдобекованын иш бөлмөсү тинтүү жүрүп жатканын жана жардамчылар кармалганын жазып чыгышкан. Ал учурда эл өкүлү Өзбекстанда иш сапарда болчу. Ошол күнкү парламенттин жыйынында "Альянс" фракциясынын төрагасы, депутат Жанар Акаев фракциялашынын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы Молдобекова тиешелүү эмес экенин айткан.