2012-жылы Кыргызстанда мамлекеттик чек араны бузган 334 адам кармалган
Кыргызстанда 2012-жылы мамлекеттик чек араны бузган 334 адам кармалды. Бул тууралуу КРнын Чек ара аскерлигинен билдиришти. Белгилүү болгондой, 13-декабрда Ош шаарында чек ара аскерлигинин 2012-жылдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңешме болуп өткөн. Маалыматка ылайык, мамлекеттик чек араны бузган 334 адам, чек ара тартибин бузган 22 адам кармалган. Ошондой эле контрабандалык жол менен ташылып бараткан баасы 19 миллион 595 миң 941 сомдук товар колго түшкөн. "2012-жылдын мыкты чек ара бөлүмү" деп Айдаркен чек ара бөлүмү табылганы да белгилүү болду.