Ош шаарынын жаңы мэри Жеңишбек Токторбаевдин өмүр баяны

Бүгүн, 23-январда Жеңишбек Токторбаев Ош шаарына мэр болуп дайындалды. Аны Ош шаарынын мэриясына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырды.

Жеңишбек Токторбаев 1968-жылдын 14-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Жыгач айылында туулган.

1986-1988-жылдары Германияда Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эки жогорку билимдин ээси. Алгач 1992-жылы Украинадагы Хмельницк технологиялык институтун инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. Андан соң 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин юрист адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1992-1993-жылдары Жалал-Абад алкоголсуз сыра бирикмесинде «микробиолог» кызматында иштөө менен эмгек жолун баштаган.
  • 1994-2003 ― ишкердик менен алектенген.
  • 2004-2005-жылдары Жалал-Абад шаарынын «Достук» Коомдук аймактык башкармалыгынын башчысы кызматында эмгектенген.
  • 2004-2008-жылдар аралыгында Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты болгон.
  • 2008-2021 ― ишкердик менен алектенген.
  • 2021-жылы “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп келген. Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан