Ош шаарынын жаңы дайындалган мэри Жеңишбек Токторбаев эмгек жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу МинКаб бүгүн, 23-январда билдирди.
Ага ылайык, Токторбаевди жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тааныштырып, шаарды өнүктүрүү жана анын социалдык-экономикалык туруктуулугун чыңдоо процессинде жетекчиликтин негизги ролун белгиледи.
Белгилей кетсек, Токторбаев 2021-жылы “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп келген.
Буга чейин Ош калаасын Бакытбек Жетигенов жетектеп келген болчу. Ал президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.