Бакытбек Жетигенов Ысык-Көлдү жетектесе, Жогорку Кеңештин депутаты Ош шаарына мэр болуп барды

Бүгүн, 23-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, анын ордуна Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Ош шаарын жетектемей болду. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Айта кетсек, Бакытбек Жетигенов Ош шаарына башчы болуп 2022-жылдын 29-ноябрында дайындалган болчу. Ага чейин ал УКМК тарабынган "бийликти курал колдонуп, күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып менен кармалып, кийин камактан бошотулган. Анын мындан тышкары бир катар чуулгандуу окуяларга тиешеси бар экендиги айтылып келеген.

Ал эми Жеңишбек Токторбаев 2021-жылы “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан