Экономика жана коммерция министрлиги чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келди делген унааларды легалдаштырууну жөнөкөйлөтүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.
Министрлик жумушчу топ унааларды алгачкы ирет каттоо эрежелерин, шарттарын, жыйымдын наркын жана колдонуу мөөнөтүн аныктай турганын маалымдады. Ошондой эле чет элдик номурлуу унаалардын өлкөгө кирип-чыгуусун көзөмөлдөө жол-жобосун иштеп чыгат.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинети 2 айдын ичинде мыйзамыз келген деген унааларды каттоонун жол-жобосун иштеп чыгып, тиешелүү чечим кабыл алат жана 6 айдын ичинде ишке ашырат. Легалдаштыруу 3 этап менен ишке ашырылары белгиленген.
Кечээ, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Армения, Абхазия номурлуу унаалардын ээлерин мыйзамдаштырып баштоого чакырган. Ал президенттин жарлыгына карабай айып короодо мыйзамсыз делген унаалардын камалып жатышын сынга алып, ээлерине чыгарып берүүнү талап кылган.