Депутат Түлөбаев Армения, Абхазия номурлуу унаалардын ээлерине кайрылуу жасады (видео)

Бүгүн, 23-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Армения, Абхазия номурлуу унаалардын ээлерине кайрылып, унааларын мыйзамдаштырып баштоого чакырды.

Ал чет өлкөдөн кирген оң рулдуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча чыккан президенттин жарлыгын эске салып, айып короодо каммактан чыкпай жаткан унаалар үчүн ИИМди сынга алды.

"Ички иштер министрлиги президенттин жарлыгына каршы эмессиңер да, э? Жарлык оң рулдуу унаалар үчүн токтоосуз күчүнө кирет болчу. Оң рулдуу унааларды чыгарып, мыйзамдаштырып баштабайсыңарбы! Эмнеге унаа токтоочу жайларда кармалып жатат? Силер унааларды кармаганга укугуңар жок.

Жарлыктагы үч этап боюнча тетик катары каралгандарды алып калып, 2 этаптагыны өткөрүп бергиле! Урматтуу кыргызстандыктар, унааларыңарды азыртадан барып мыйзамдаштырсаңар болот. Айып короодон чыгарып, документиңер менен "Унаа" мекемесине барып, төлөмүңөрдү төлөгүлө, бизге чалбагыла, "Унаадан" талап кылгыла!" - деди Түлөбаев.

Жогорку Кеңеш 23.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан