АКШнын президенти Дональд Трамп Газаны кайра куруу планында палестиналыктардын мурдагы аймактарына кайтуу мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтып, алар үчүн жаңы коопсуз жай курула турганын билдирди. Бул туурасында ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
Трамп Fox News телеканалына берген маегинде палестиналыктардын Газага кайтуу укугу тууралуу суроого: “Жок, алар кайра келе албайт. Аймакта азыр жашоого мүмкүн эмес. Эгер алар азыр кайтып келишсе, кайрадан жашоого жарамдуу болуп калгыча жылдар өтөт”, - деп жооп берген.
Ошондой эле АКШнын лидери Газаны башкарууну инвестициялык долбоор катары караганын баса белгиледи.
Белгилей кетсек, буга чейин Трамп АКШ Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алууга даяр экенин жарыялаган.
Мындан тышкары, Американын башчысы Египет, Иордания жана башка араб өлкөлөрүн Газа тилкесиндеги тургундарды алып кетүүгө көндүрүү аракетин көрүп жатканын билдирген. Анда ал согуш Газа тилкесин кыйратканын жана азыр ал жерде жашоо мүмкүн эмес экенин белгилеп, араб өлкөлөрү менен 1,5 миллиондой палестиналыкты анклавдагы кайра куруу иштери аяктагыча көчүрүп туруу маселесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетинде экенин айткан болчу.