АКШнын президенти Дональд Трамп Египет, Иордания жана башка араб өлкөлөрүн Газа тилкесиндеги тургундарды алып кетүүгө көндүрүү аракетин көрүп жатканын билдирди. Бул тууралуу журналисттер менен болгон сүйлөшүүсүндө айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Трамп согуш Газа тилкесин кыйратканын жана азыр ал жерде жашоо мүмкүн эмес экенин белгилеп, араб өлкөлөрү менен 1,5 миллиондой палестиналыкты анклавдагы кайра куруу иштери аяктагыча көчүрүп туруу маселесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетинде экенин айткан.
Трамптын айтымында, тургундар убактылуу жана узак мөөнөткө көчүрүлүшү ыктымал.
Израил менен ХАМАС учурда ок атышпоо келишимин карманууда. Келишим боюнча, эки тарап туткундарды бошотууга дагы тийиш.