АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Вашингтондо сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда Трамп Америка Газа тилкесин кошуп алып, экономикалык өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө даяр экенин билдирген.
"АКШ Газаны өз көзөмөлүнө алат. Биз аймактагы бардык коркунуч жараткан, жарылбай калган бомбаларды жана башка курал-жарактарды жок кылууга, кыйраган имараттарды курууга жоопкерчиликти моюнубузга алабыз. Биз экономикалык өнүгүүнү, жумуш орундарын жана аймактагы адамдар үчүн турак жайларды куруп беребиз", - деген Дональд Трамп.
Ошондой эле Трамп жолугушуу учурунда Газаны кайрадан куруу керектигин айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин Трамп Египет, Иордания жана башка араб өлкөлөрүн Газа тилкесиндеги тургундарды алып кетүүгө көндүрүү аракетин көрүп жатканын билдирген. Анда ал согуш Газа тилкесин кыйратканын жана азыр ал жерде жашоо мүмкүн эмес экенин белгилеп, араб өлкөлөрү менен 1,5 миллиондой палестиналыкты анклавдагы кайра куруу иштери аяктагыча көчүрүп туруу маселесинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аракетинде экенин айткан болчу.