Курмантай Абдиев: "Жаштар үйлөнсө көчөгө унаалар тизилип чыгат, президент да андай кортежде жүрбөйт"

Депутат Курмантай Абдиев Кыргызстандагы үйлөнүү тойлорундагы жосунсуз жоруктардын пайда болгонун айтып, аларды токтотуу сунушун айтып чыкты. "Азыр ыгы жок жосундар пайда болду. Өткөндө жумушта отурсам, көчөдөн сирена жаңырып калды, карасам, үйлөнүү тоюндагы 20дай унаа кортежи өтүп бара жатыптыр. Президент да андай кортеж менен жүрбөйт. Бул эмне дегендик? Ошко барып калсам, бир жерде 15тей Жип унаасы токтоп туруптур, ким экен десем, үйлөнүү тоюна чыкчу унаалар болуп чыкты. Алар жолго чыкканда көчөдөгү кыймыл да токтойт экен, МАИлер да унчуга албайт. Балким, бирөө ооруканага бара жаткандыр ошол учурда. Бул туура эмес көрүнүштү токтотуш керек",- деди Абдиев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан