Жогоку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов социалдык тармактагы баракчасында машыгуу үстүндө тартылган видеосу менен бөлүштү.
Анда ал "Өзүңдү тарбиялабастан ийгиликке жетүү мүмкүн эмес. Чекит!" деген билдирүү калтырган.
Буга чейин Атазов АКШга барганын билдирип, "Кесипкөй спортту өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдөбүз. Буюрса, кыргыздын таланттуу жаш спортчуларын Америкада дагы ийгиликтерди багындырууга көмөкчү болобуз", - деп жазган өз баракчасына.
Белгилей кетсек, былтыр август айында Атазов Таиландда өткөн дүйнөлүк мелдеште Дүйнөлүк муай-тай чемпиондук курун жеңип алган. Ал ошол жылы жазында мандатынан ажыраганы спорт менен жигердүү машыгууда.
Өткөн жылдын 1-мартында Бишкектин Административдик соту Атазовду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Ага ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевдин 2024-жылы 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарып, өзүн шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылганы себеп болгон. БШК анын арызын канааттандырган эмес, андан соң Муртазалиев сотко кайрылган.
Атазов соттун чечимин айыптаган. Ал март айындагы Жогорку Кеңештин жыйынында 10 мүнөт убакыт сурап, борбордук трибунада сөз сүйлөп, өзүнө карата каралоолор уюштурулуп жатканын белгилеп, мандатын алууга кызыкдар болгон тарап бар экенин айткан. Тар чөйрөдө Атазовдун сүйлөп бүтөр замат кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" бекети аркылуу чет өлкөгө чыгып кеткени айтылган.
Кийин анын жактоочулары мандатын жокко чыгарган сот чечимине каршы жогорку инстанцияларга кайрылып, жыйынтыгында Жогорку Сот 30-апрелде Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырган. БШК да соттун өкүмүн аткарылууга тийиш экенин жүйө кылып, аны мандатынан ажыраткан жана Свердлов округу боюнча кайра шайлоо өткөргөн.