Шайлообек Атазов: "Элдин аманатына кыяматта башкы прокурор жооп берет"

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов өзүнө карата каралоолор уюштурулуп жатканын айтып, анын мандатын алууга башкы прокурор Курманкул Зулушев кызыкдар болгон деп айыптады.

Эл өкүлү соңку бир аптадан бери өзүнүн дарегине карата каралоолор күчөгөнүн белгиледи.

"Муну кимдер уюштуруп жатат. Ошол блогерлердин, журналисттердин артында кайсы саясатчылар турат. Же бир эл аралык атайын кылмыштуу топ барбы? Адам баласы ооруганда дарыланып келгенге акысы бар да туурабы? Эмне мен 15 күнгө дарыланып келсем болбойбу? Ошону дагы ызы-чуу кылдыңыздар.

Экинчиден мына кечээтен бери "Атазов митинг уюштурат" экен деп жатасыңар. Урматтуу фейктер, фейктин артындагылар, эки жүздүү саясатчылар, афферисттер. Митингди ушу өзүңөр уюштурасыңар. Мен өмүр бою мамлекетчил болуп келгем. Кыргыз желегин кучактап, дүйнөлүк аренада ыйлаган баламын. Силер болсо мага тескери кылып, митинг уюштурат деп жатасыңар. Ошол "тилегиңерди таш капсын" дагы өзүңөр менен өзүңөр болгула.

Үчүнчүсү мандат боюнча. Мандат бул адамды бейишке кирди же чыкты дегени эмес го. Мандаты жок деле элдин арасында кызмат кылса болот. Эмнеге Атазов мандатын алдырды деп эле бир административдик соттун чечимин карап жатасыңар? Жогорку соттун чечими чыккан өзү Муртазалиевге. Силер кара пиар кылып жатасыңар. Ушуларды ким кылып жатат? Жүздөгөн блогерлер менен", - деди депутат.

Ошондой эле Атазов мандатынан ажырашына башкы прокурордун кызыкчылыгы болгонун белгиледи.

"Мандатымдын артынан 2 жылдан бери кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти. Элдин аманатын, элдин ишенимин эртең кыяматта сураса баш прокурор жооп берет", - дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеңеш 13.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан