Жогорку сот депутат Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча акыркы чечимди чыгарды

Жогорку сот 30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандаттан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эл өкүлүнүн мандат маселесине байланыштуу буга чейинки эки инстанциянын токтомун жокко чыгаруу боюнча арызы каралып, канааттандырылган эмес.

Мындан сырткары соттук коллегия Бишкек шаарынын административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечиминин Шайлообек Атазовдун мандатын Абдурахман Муртазалиевге берүү бөлүгүн күчүндө калтырды.

Эске салсак, Бишкектин административдик соту 1-мартта бир мандаттуу №29 Свердлов округунан шайланып келген Атазовду мандатынан ажыратып, аны Муртазалиевге берүү чечимин чыгарган.

Эл өкүлү соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган. Ошондой эле ал сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Ал эми Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган.

Атазов андан соң Жогорку сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан